Бишкекте өтүп жаткан Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча турнирде Жогорку Лигадан Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы финалга чыкты.
Жарым финалдык беттештер бүгүн, 19-мартта өттү. Анда "Ынтымак" командасы "Сары-Өзөндү" утса, "Достук" командасы" "Мурас" командасын утуп, финалга чыкты.
Финалдык беттештер 21-март күнү Военно-Антоновка айылындагы ат майданда өтөт.
Белгилей кетсек, бул эки команда ушул эле турнирдин тайпалык баскычында кез келген. Анда эки команда 4:4 эсебинде тең чыгып, "Достук" булиттер сериясында жеңишке жеткен.