Бүгүн, 19-мартта болжол менен саат 21:05те Кыргызстандын аймагында очогу 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Аталган институттун жетекчиси Канат Абдрахматовдун айтымында, жер титирөө Бишкектен 25-30 чакырымдай түштүк тарапта, Кыргыз кырка тоолорунун астындагы тоолордо болду.
“Эч кандай коркунуч жок! Бишкекте жер титирөөнүн күчү 2-3 баллга жетти”, - деди ал.
Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.