Ош шаарында төрөлгөн үч эмге Мүрөк, Мөлтүр жана Айдар деп ысым коюшту. Алардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабар алып, үч эмдин апасын куттуктап 50 миң сом берди. Бул тууралуу калаа шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Эскерте кетсек, ымыркайлар 7-март күнү Ош шаарындагы облустар аралык ооруканасында жарыкка келген. Балдардын апасы Айсана Султанова 37 жашта. Ал буга чейинки төрөтүндө эгиз балдарды төрөгөн, жаңы төрөлгөн үч эм менен кошо 7 балалуу (5 уул, 2 кыз) болду.
Кошумчаласак, 15-март күнү Бишкек шаарындагы №2 төрөт үйүндө да үч эм ымыркай төрөлгөн болчу.