Бириккен улуттар уюмунун маалыматына ылайык, кагылышууда болжолу менен 400-500 киши каза болуп, 20 миңдей киши шаар сыртына качып чыгып, БУУнун көзөмөлүндөгү аймакта баш калкалоого аргасыз болгон.
Эске салсак, Түштүк Судандын президенти Салва Киирге каршы аскерий төңкөрүш аракети жасалганы тууралуу кабар тарап, бир нече күндөн бери жаңжал басылбай келет. Президент Салва Киир мурдагы вице-президент Риек Мачарды жактаган аскерлердин тобу жекшемби күнү кечинде бийликти күч менен алууга аракет кылып, бирок жеңилип калганын айтууда. Ал баш калаада кеч киргенден таң аткыча коменданттык режимин киргизди. БУУнун өкүлдөрү мынчалык көп сандагы адамдарды азык-түлүк жана дары-дармектер менен камсыз кылуу кыйындап бара жатканын билдиришүүдө.