Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларына артыкчылыктарды берүү сунушталууда

Жогорку Кеңештин мурдагы спикерлерине "экс-төрага" статусун ыйгарып, депутаттардыкындай артыкчылыктарды берүү сунушталууда. Мыйзам долбоору 19-марттан тарта парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Аны депутаттар Нуржигит Кадырбеков менен Замирбек Мамасадыков демилгелеген. Ага ылайык, Жогорку Кеңештин спикери өз
ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон экс-төрага деген наамга ээ болот жана ал наам өмүр бою сакталат.
Жогорку Кеңештин экс-төрагасы жана анын жубайы (жубайына дипломатиялык паспорт алуу укугун кошпогондо) үчүн төмөнкү укуктар
сакталат:
  • акысыз медициналык тейлөө;
  • дипломатиялык паспорт алуу;
  • аэропорттордун, темир жол бекеттеринин VIP-залдарын акысыз акысыз пайдалануу.
Эгер төрага соттолуп кетсе, анда "экс" макамынан ажыратылат.
Демилгечилер мурдагы төрагалар ар кандай, анын ичинде эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга активдүү катышып, өлкөнүн стабилдүүлүгүн жана өнүгүүсүн сактоодо чоң салым кошуп келишерин белгилеп, мындан улам экс-төраганын так укуктук статусун белгилөө зарылчылыгы келип чыкканын жүйө келтиришкен.
Бул демилге ишке ашса төрагалык кызматтын деңгээли жогорулай турганы жана мындай статус спикерлерге коомдук-саясий турмушка жигердүү катышууга, саясий системанын туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берери айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан