"Туулган күнүмдө жалгыз эс алганды жакшы көрөм". Ырчы Назми Байзакова 46 жашка толду

Бүгүн, 20-мартта туулган күн тоскондордун катарында ырчы Назми Байзакова дагы бар. Байзакова Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарында 1978-жылы туулган. Алгач сахнага "Алдаба" аттуу ырды аткарып чыккан. Ырчы өзүнүн аткаруусундагы "Таарынчакмын", "Жүрөм сени таппай", "Келчи кайра", "Уча бер үмүтүмдүн каркырасы" жана башка ырлары менен көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган.

SUPER.KG порталы туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканда маанайы эң сонун экенин, куттуктоолор келип жатканын билдирди.

"Бүнүнкү маанайым эң сонун. Негизи мен туулган күнүмдө жалгыз сейилдегенди, ал күндү өзүмө арнаганды каалап калдым. Мурда 35 жашка чейин досторум, жакындарым менен өткөрчү элем, азыр шаан-шөкөттөрдү жактырбайм. Бүгүн өзүм СПА борборуна барып, эс алам. Бирок курбу кыздарым ооз ачарга келип кет деп чакырып жатышат, кечинде ал жакка барам.

Туулган күнүмдө эң эсимде калган белек күйөрманымдан болгон. Мен ал кезде студент элем, жатаканада жашачумун. Эшикке чыксам "пудель" (күчүктүн породасы) алып келиптир, мага аябай жаккан. Курбу кызым экөөбүз талашып бакканбыз", - деди ырчы айым.

Белгилей кетсек, Назми Байзакова бул жылы 46 жашка толду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан