Сузактын тургундарын сызга отургузган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда трансформация болбогон бир нече жер тилкелерин өзгөчө ири өлчөмдө саткан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБине 46 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2022-жылдын 3-августунда “Б” аттуу таанышы трансформация болбогон 6 сотых жер участкасын 550 миң сомго сатканын, бирок жасалма долбоорду берип алдап койгонун билдирген. Арыз ээси сатып алган жер участкасын К.Н. аттуу жаранга саткан. К.Н. сатып алган жер участогуна турак үй тургузган соң, жер участогу Р.Ү. аттуу жаранга таандык болуп чыккан. К.Н. үй салып алгандыгына байланыштуу арыз ээси Р.Ү. аттуу жаранга ошол эле жер участогуна жакын башка жерден 1 миллион 200 миң сомго жер участогун сатып алып бергенин билдирген.

Милицияга дагы бир 32 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Ал өз арызында “Б” аттуу жаран Сузак айыл аймагында жайгашкан транформация болбогон жасалма долбоорлор менен 5 сотых болгон 3 чек, 6 сотых болгон 2 чекти көрсөтүп, ар бир чекти 600 миң сомдон баалап, жалпы 3 миллион сомго сатып алгандыгын билдирген. Арыз ээси белгиленген сумманы бөлүп төлөө жолу менен бардык суммадан кутулганын жазган.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1995-жылы туулган Сузак районунун тургуну М.Б. кармалды.

Учурда анын Сузак районунун аймагындагы бир нече үлүш жана трансформация болбогон жер тилкелерин алдоо жолу менен өзүнө өткөрүп алгандыгы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан