Ат-Башыда "кылмышыңды жаап берем" деген милиция кызматкери кармалды (видео)

Нарында Ат-Башы РИИБинин жашы жете электер менен иштөө инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, инспектор Д.А.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек шаарынын тургуну Ж.Т.дан бейбаштык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн 100 миң сом алган. Бирок убадасын аткарган эмес. Жыйынтыгында Ж.Т.га кылмыш иши козголуп, анын иши сотко жөнөтүлгөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү делген Д.А.Т. 19-мартта Нарын шаарынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда анын башка мыйзамсыз аракеттерге катыштыгын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

20.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан