Кара-Сууда 2 килограмм баңгизат менен Ысык-Көлдүн тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-февралда милицияга Д. аттуу жаран шектүү зат алып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган маалымат каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Топтолгон материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ысык-Көл облусунун 1994-жылы туулган тургуну Н.Д. 19-мартта Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Текшерүү учурунда андан күрөң түстөгү салмагы 2 килограмм болгон зат табылган. Дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен табылган зат гашиш баңгизаты экендиги белгилүү болгон.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка атуулдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.