Куудул Жакут Сыдыковдун жетекчилиги астында түзүлгөн “Шаты” куудулдар тобунун тушоо кесүү концерти өтөт

Эртең, 20-декабрда Кыргыз драма театрында куудул Жакут Сыдыковдун жетекчилиги астында түзүлгөн “Шаты” куудулдар тобунун тушоо кесүү концерти өтөт . Бул тууралуу Жакут Сыдыков бүгүн, 19-декабрда SUPER.KG порталына билдирди.

“Курамына 4 куудул баланы камтыган бул топ 2007-жылы түзүлгөн. Ар кандай шарттар менен топ биргеликте эл алдына чыга элек. Бирок мага кол-канат болуп гастролдорго чыгып жүрүшкөн. Эртең ушул топтун тушоо кесүү концертин өткөрөлү деп жатабыз”,- дейт куудул.

Андан тышкары “Топтун атын бийиктиктерди багынтуу максатка таяп "Шаты" деп атаганбыз. Курамдагы жигиттер ырчыга да, бийчиге да, алып баруучуга да муктаждыгы жок таланттуу балдар” деп кошумчалады куудул.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Puwkin
2013-12-22 09:37:03
Baykuw Jakut baykem, bulda KgShouBizge salym kowsom dep jurotda. jakwylap araket kylaberiniz balkim iygilikter kowtop kalaar.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан