Чүйдөгү цемент заводунда клинкер чыгаруучу жаңы линия курула баштады

Чүй облусунун Кант шаарында кургак ыкма менен клинкер өндүрүү боюнча Кант цемент заводунун жаңы линиясын курууга капсула салынды. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматынан бүгүн, 20-мартта билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чарага министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Жаңы технологиялык линиянын өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 2500 тонна клинкерди же жылына 800 миң тоннаны түзөт. Анда 300 жумушчу орун түзүү мерчемделүүдө.
Клинкер – бул курулуш материалы. Ал акиташ, чопо жана шлактын агломерацияланган аралашмасын жогорку температурада күйгүзүү жана андан кийин майдалоодон пайда болот.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан