Сузакта Өзбекстан менен байланыштыруучу дагы бир тоннель табылды

Жалал-Абад облусунун Сузак милициясы коңшу өлкө Өзбекстанга өтүүчү жер алдындагы дагы бир тоннелди аныктады. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта облустук ОИИБнин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматтарга караганда, тоннелдин тереңдиги 12,5 метр болгон. Анын эшиги Сузак районундагы Бек-Абад айылынын 41 жаштагы М.М аттуу тургундун үйүндө жайгашкан.

"Үйдүн ичиндеги бөлмөсүндө тоннелге түшүүчү атайын пластиктен жасалган эшик орнотулган. Узундугу 350 метр, бийиктиги 2,2 метр болгон жер төлө Өзбекстандын Наманган облусуна алып барат.

Тоннелдин ичине жарык берген жабдуулардан бери орнотулган. Ал жактан адамдар каттап, мыйзамсыз жүктөр ташылып турган", - деп айтылат билдирүүдө.

Азыркы тапта бул окуяга тиешелүү адамдарды тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Сузакта тургундун үйүнөн Өзбекстанга өтүүчү жер астында казылган туннелди аныктады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан