Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын борбордук аянтында 21-март – Нооруз майрамына карата уюштурулган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Анда өкмөт башчы шаар тургундарын жана конокторун Орозо айы жана Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Бүгүн табиятта күн менен түн теңелет. Нооруз – токчулуктун, мол түшүмдүн, ырыскынын башаты болгон жаз майрамы. Нооруз майрамы бардык аруу ой-тилектерибизге жаңыланууну жана тазалыкты берсин”, - деди Жапаров.
Ошондой эле ал “Нооруз – 2024” жаз майрамына карата жети кыргыз боз үйү тигилип уюштурулган, “Кыргыз шырдак” көргөзмө жарманкесине катышты.
Мындан тышкары келген конокторго “Ноорузду даңазалоо” театралдык оюн-зоок программасы тартууланды.