Кыргызстанда биринчи жолу кёрлинг боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, иш-чара Бишкекте 30-мартта уюштурулат. Чемпионат "Локомотив" муз комплексинде өтөт. Ал аралаш жуптар (дабл-микс) арасында уюштурула турганы айтылды.