Токмокто жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 22-мартка караган түнү саат 01:30 чамасында Токмок шаарынын Ленин жана Колхозный көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда айдоочу унаасы менен 50-55 жаштагы кишини сүзүп кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү окуя болгон жерден көз жумган.
Кийинчерээк окуя болгон жерден качып кеткен Фолсфаген үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 2001-жылы туулган А.И.М. аттуу жаран экени белгилүү болгон. Шектүүнү Чүй облусунун милициясы "Тосмо" планы менен изи сууй электе кармашкан.
Учурда айдоочу тергөө бөлүмүнө жеткирилип, унаасы айып короосуна токтотулду.