Актёр Эркин Эгембердиев Бакен Кыдыкеева атындагы театрдын көркөм жетекчиси болуп дайындалды

Актёр жана режиссёр Эркин Эгембердиев Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Эгембердиев 1985-жылы 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Таш-Сарай облусунда туулган. Ал Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган.

Актёр "Белгисиз маршрут", "Боз салкын", "Сен эмне кылмаксың", "Мегатой" жана башка тасмалардагы ролдору менен белгилүү.

Белгилей кетсек, ал ЭлТРде "Сайрандаш" жана Санат каналында "Бишкек бульвары" теледолбоорлорун негиздеген.

Ошондой эле ал актёрлук чеберчилик боюнча "Мыкты мугалим" жана Маданияттын мыкты кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан