Ишкерден 20 миң доллар талап кылган салык кызматкери кармалды

Ишкерден 20 миң доллар пара талап кылган Салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинде (Опузалап пара алуу) каралган кылмыштардын белгилери менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Мамлекеттик салык кызматынын өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору Ж.Б. кармалган.

Ал ишкерлердин биринен "салыктык текшерүү жүргүзөм" деп коркутуп, 20 миң доллар талап кылган.

Шектүү 19-мартта Чүй облусунун Көк-Жар айылынын аймагынан 5 миң долларды алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан