Москвадагы кыргызстандыктар Нооруз майрамын биргеликте белгилешти

Кечээ, 21-мартта "Крокус Экспо" Эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги тарабынан Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен биргеликте Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу Элчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чара эл аралык "MITT-2024" туризм жана меймандостук көргөзмөсүнүн алкагында өттү.

Ага ылайык, "МИР ВАМ" билим берүү борборунун жетекчиси Роза Адышева жазгы күн менен түндүн теңелген ыйык күн катары бааланган майрамдын тарыхы жана мааниси тууралуу айтып берди.

"Көргөзмөнүн атайын аянтчасында көрүүчүлөргө "Асыл Ордо" фольклордук ансамблинин солисттери болгон Москвада эмгектенген Кыргыз жарандары тарабынан даярдалган чоң концерттик программа тартууланды",-деп айтылат маалыматта.

Өлкөнүн уникалдуу туристтик мүмкүнчүлүктөрү, салттуу маданияты, ошондой эле туризм чөйрөсүндөгү заманбап жаңылыктар жана долбоорлор жөнүндө кеңири маалыматтарды тартуулаган Кыргызстандын улуттук экспозициясына кол өнөрчүлүк буюмдары, анын ичинде тери, кийиз жана жүндөн жасалган буюмдары коюлду. Москвадагы "Кыргыз кербен" кол өнөрчүлөр уюму тарабынан коюлган кооз шырдактар көргөзмөгө өзгөчө көрк беришти.

Мындан тышкары катышуучулар жана коноктор Москва шаарындагы "Кыргыз кондитерлеринин" коомдук бирикмеси тарабынан даярдалган кыргыздын улуттук ашканасынын кондитердик азыктарынан даам татышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан