Бүгүн өлкө аймагында кайрадан жер титирөө катталды

Өлкө аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 16:12де өлкө аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер силкинүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кум, Жыл-Кол, Кызыл-Жар айылдарында, Таш-Көмүр шаарынын Шамалды-Сай шаарчасында жана Теңдик айылында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 9:47де Тажикстанда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Коңшу өлкөдөгү жер силкинүүнүн толкуну Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибе айылдарында 4 баллга чейин сезилсе, Дароот-Коргон, Жар-Башы, Жаш-Тилек айылдарында 3 баллга чейин байкалган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан