Баш калаада Борбордук балдар музыкалык мектебинин 85 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 22-мартта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти Петр Фёдорович Шубиндин 130 жана анын атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин 85 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, салтанаттуу иш-чарага маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, расмий чакырылган коноктор, музыка сүйүүчүлөр жана кеңири коомчулук катышты.

Министр өз сөзүндө бүгүн өлкөнүн кесиптик билим берүү жана чыгармачыл чөйрө үчүн өзгөчө маанилүү күн экенин белгилеп, мектептин мугалимдер жамаатын, тарбиялануучуларын жана бүтүрүүчүлөрүн, П.Шубин атындагы Борбордук балдар музыкалык мектебинин түзүлгөндүгүнүн 85 жылдыгын жана Кыргызстандын музыка дүйнөсүндө бараандуу орду бар көрүнүктүү педагог, композитор, дирижер, фольклорист Пётр Шубиндин туулган күнүнүн 130 жылдыгы менен куттуктады.

Таланттарды таптаган, тарыхка бай музыкалык мектептин арышы кенен, чыгармачылыктагы жана билим билим берүүдөгү жолу байсалдуу болсун- деп сөзүн жыйынтыктады.

Куттуктоо сөзүнөн соң Алтынбек Максутов аталган музыкалык мектептин айрым кызматкерлерин министрликтин сыйлыктары менен сыйлады.

Кош мааракеде музыкалык мектептин юбилейине арналган тасма көрсөтүлүп, музыкалык мектептин алдында түзүлгөн урма аспаптар тобу, үйлөмө аспаптар тобу, кыл аспаптар тобу, гитара тобу, кыргыз эл аспаптар тобу, скрипач ансамбли, аккордеон ансамбли камералык оркестр жана хор топтору ошондой эле “Манас” президенттик оркестринин жана Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин коштоосунда кыргыз жана дүйнөлүк композиторлордун чыгармаларын аткарышканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан