Москвадагы "Крокус Сити Холл" концертик залында ок атуудан ондогон киши каза болду

Жума күндүн кечинде Москва шаарындагы Crocus City Hall концерттик залында ок атуу орун алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалым болгондой, окуя "Пикник" тобунун концерти өтүп жаткан учурда болгон. Анда белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан. Орус агенттиктери билдиргендей, концерттик залдын имаратынын көбү күйүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

Москванын мэри Сергей Собянин каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, "Крокус Сити Холлдо" болгон окуяны коркунучтуу трагедия деп атады.

Baza Telegram каналы өз булактарына таянып, атышуудан 12 адам каза таап, 35и жарадар болгонун жазды. Ал эми Telegram 112 каналы өз булагына таянып, 40 адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болгонун кабарлады.

Ал арада ТАСС агенттиги "Крокус Сити Холлдун" имаратында жарылуу болгонун жазып, концерттик залдагы адамдар эвакуацияланып жатканын билдирди.

Окуя болгон жерде күч түзүмдөрү иштеп жатат. Ыкчам штаб түзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан