"Крокустагы" кыргын: Шектүү унаанын ичинен тажикстандыктар чыкты

Крокустагы кыргын уюштургандар из жашырган делген ак түстөгү унаа Брянск облусунан токтотулуп, эки адам кармалды. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, террорчулар бар делген унаа Беларус менен Украинанын чек арасынан бир нече чакырым алыстыкта ​​жайгашкан Тёплый айылына жакын жерде токтотулган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унаада алты адам болгон: экөө кармалып, дагы төртөө качып кетүүгө үлгүргөн. Кармалгандар Тажикстандын жарандары болгон. Азыр алар менен коопсуздук кызматкерлери иштеп жатат. Алардын терактка катыштыгы бар-жогу текшерилүүдө.

Учурда качып кеткен төртөөнү кармоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан