Батир тандоодо сатып алуучулар кайсы критерийлерге артыкчылык беришет? 

Батир тандоо ар бир жаран үчүн маанилүү, ары түйшүктүү жумуш экени айтпаса деле белгилүү. Жашай турган үйүңдүн ыңгайлуулугу, абалы, албетте, анан наркы биринчи орунда турат эмеспи. Ошого карабай батир сатып алуучулардын ар биринин индивидуалдуу критерийлери дагы болот. Ал шартка, коопсуздукка, батирдин абалына жана башка себептерге жараша болушу мүмкүн. Алдыда өлкө ичиндеги суроо-талап жогору болгон батир бааларына, кардарлардын койгон критерийлерине, тандап алуу шарттарына саресеп салабыз.
lalafo ири жарнама сайтынын 2024-жылдын март айындагы статистикалык маалыматына таянсак, өлкө аймагында батирлерди сатып алууда кардарлардын 38 %ы наркы 20 000 $ баштап 39 999 $ чейинки батирлерге суроо-талап коюшкан. Анда 30 %ы баасы 40 000 $ баштап - 59 999 $ чейинки батирлерди сурашканын көрүүгө болот. Башкалары төмөнкү нарктагы батирлерди издешкен:

Суроо-талап жогору баалар

  • 20 000 $ баштап 39 999 $ чейин - 35 %;
  • 40 000 $ баштап - 59 999 $ чейин - 30 %;
  • 60 000 $ баштап 89 999 $ чейин -15 %;
  • 19 999 $ чейин - 14 %;
  • 90 000 $ баштап, андан жогору.

Батирлерди кандай максатта алышат?

Сатып алуучулардын 38 %ы үй-бүлө жана балдардын келечигине кам көрүү максатында үй алышарын, 8 %ы батир аркылуу кошумча киреше табуу максатын көздөгөнүн айтышкан. Ал эми сатып алуучулардын 1 %ы гана кошумча турак жай (жайкы каникулдар же эс алуу күндөрдү өткөрүү максатында) үчүн издешет. Керектөөчүлөрдүн мындан башка дагы максаттары бар. Аларды төмөндө тизмектеп беребиз:

  • Үй-бүлө же балдар үчүн келечектеги турак жай - 38 %;
  • Жашоо-шарттарын жакшыртуу үчүн - 27 %;
  • Батир аркылуу кошумча киреше табуу үчүн - 9 %;
  • Батир акысына кеткен каражатты үнөмдөө үчүн - 8 %;
  • Жаңы шаарга же районго көчүү үчүн - 8 %;
  • Батирди оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана сатуу үчүн - 8 %;
  • Башка... - 2 %;
  • Жайкы каникулдар же с алуу күндөр үчүн кошумча турак жай - 1 %.

Батир тандоодо сатып алуучулар кайсы критерийлерге артыкчылык беришет?

Өлкө ичинде батир тандоодо сатып алуучулардын 27 %ы турак жайдын жайгашкан жерине көңүл бурушат. Анда жарандар батирдин жумушка, окуу жайга же бала бакчага жакындыгына карашат. Албетте, мындай жагдайда жарандар убактысын жана каражатын дагы үнөмдөй алат. Ошол эле учурда сатып алуучулардын 2 %ы гана батирдин коомдук транспортко жакындыгын эске алышат. Калгандары төмөнкү критерийлерди жүйө келтиришкен:

  • Жайгашкан жери жумушка/окууга/бала бакчага жакындыгы - 27 %;
  • Бюджет жана турак жай акысы - 25 %;
  • Райондун жана турак жайдын коопсуздугу - 15 %;
  • Батирдин аянты жана бөлмөлөрдүн саны - 11 %;
  • Аймактын экологиялык жактан тазалыгы - 10 %;
  • Батирдин абалы жана оңдоого муктаждыгы - 5 %;
  • Балкондун же террасанын болушу - 2 %;
  • Башка... 2 %;
  • Унаа токтотуучу жайлардын же гараждын болушу - 2 %;
  • Коомдук транспортко жакындыгы - 2 %.

Сатып алуучулар риэлторлор же кыймылсыз мүлк агенттиктери менен иштешүүнү каалайбы?

Статистикалык маалыматтарга көз салсак, Кыргызстанда батир сатып алуучулардын 5 %ы гана кыймылсыз мүлк агентикттери менен кызматташат. Ал эми 3 %ы риэлторлордун кызматын алышат. Кызыгы, сатып алуучулардын 52 %ы агенттиктер же риэлторлор менен кызматташууну каалашпайт. Анын себептерин да төмөндө айтып беребиз.

  • Жок, кызматташууну каалабайм - 52%
  • Баары менен кызматташууга даярмын - 41%
  • Кыймылсыз мүлк агенттиктери менен гана - 5%
  • Риэлторлор менен гана - 3%

Риэлторлор, кыймылсыз мүлк агенттиктери менен кызматташуу сатып алуучуларга кандай артыкчылыктарды берет?

Статистикалык маалыматтарга таянсак, сатып алуучулардын 38 %ы риэлторлор, кыймылсыз мүлк агенттиктери менен кызматташуу сатып алуучулардын убактысын үнөмдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөрүн айтышкан. Мындан тышкары 14 %ы эксклюзивдүү сунуштарга мүмкүнчүлүк алууну жүйө келтирсе, 9 % стрессти азайтат дешкен.

  • Убакытты үнөмдөө - 38 %;
  • Эксклюзивдүү сунуштарга мүмкүнчүлүк алуу - 14 %;
  • Юридикалык нюанстарды билүү - 12 %;
  • Кесипкөй сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмү - 11 %;
  • Стрессти азайтуу - 9 %;
  • Адистер менен өнөктөштүк - 8 %;
  • Критерийлер боюнча тандоо - 4 %;
  • Рынок боюнча эксперттик билим - 4 %.
    
    

Төмөндөгү жагдайларга байланыштуу сатып алуучулар кыймылсыз мүлк агенттиктери же риэлторлор менен кызматташууну каалабайт:

Батир сатып алуучулардын 21 %ы кыймылсыз мүлк агенттиктери же риэлторлор менен кызматташууну каалабагынын себеби катары шылуундарга алданып калуу коркунучун жүйө келтиришкен. Ал эми кардарлардын 16 %ы агенттиктердин риэлторлоруна ишенбөөчүлүк көрсөтсө, 15 %ы кошумча чыгашаларды азайтуу максатын көздөгөн. Кызыгы, сатып алуучулардын 2 %ы жеке жөндөмдөрүнө ишенүү менен батирди өзүлөрү сатып алууга бел байлашкан.

  • Шылуундарга туш келүү - 21 %;
  • Кыймылсыз мүлк агенттиктеринин адистерине ишенбөөчүлүк - 16 %;
  • Ишенбөөчүлүк көрсөтүү- 15 %;
  • Кошумча чыгашалар - 15 %;
  • Алданып калуудан коркуу - 11 %;
  • Терс тажрыйба - 10 %;
  • Татаал процесс - 5 %;
  • Жеке артыкчылыктар - 4 %;
  • Жеке жөндөмдөрүнө ишенүү - 2 %.

Макалада колдонулган статистикалык маалыматтар lalafo’нун 2024-жылдын март айындагы статистикасынан алынды.

lalafo - Кыргызстандагы соода, жумуш издөө жана турак жай боюнча ири сервис. Ачык маалымат булактарында жазылгандай, lalafo ай сайын 2 миллиондон ашык адамга товарларды сатууга жана сатып алууга, жумушка, адистерге, буйрутма берүүгө жана кызмат көрсөтүүгө жардам берет. lalafoдо 1,5 миллионго жакын жарнактар ​​бар. Сервистеги эң популярдуу категориялар: унаалар, запастык бөлүктөр, батирлерди сатуу жана ижарага берүү, үйлөр, үй жана бакча үчүн товарлар, эмерек, кийим-кече, ошондой эле уюлдук телефондор, ноутбуктар жана тиричилик техникасы ж.б.

 
 
 


                                            

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан