Чүйдө жер бөлүп берем деп акча алып жүргөн шектүү кармалды

Чүйдө бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-мартта милицияга Т.И. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылдын октябрында "Т" аттуу жаран Сокулук районунан үй куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүүнү убада кылып, андан 550 миң сом алып дайынсыз болуп кеткенин айткан.

Ушундай эле арыз менен милицияга С.Э аттуу жаран дагы кайрылган. Анын айтымында, "Т" аттуу таанышы 2023-жылдын июнь айында андан 264 миң сом алып, изин жашырып кеткен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1987-жылы туулган А.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Иликтөөдө шектүүнүн Чүй облусунда жана Бишкекте ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого катышкандыгы аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан