“Жаным” аттуу клиби менен Кыргызстанда чуу жараткан норвегиялык ырчылардын түлкү жөнүндөгү чыгармасын YouTube “2013-жылдагы эң популярдуу видео” деп тапты

YouTube сайты “Жаным” аттуу клиби менен Кыргызстанда чуу жараткан норвегиялык ырчылардын “Түлкү кантип сүйлөйт?” (“What does the fox say?”) чыгармасын “2013-жылдагы эң популярдуу видео” деп тапты. Мындай маалымат жакында интернет айдыңында жарык көрдү.

Маалыматка таянсак, үстүбүздөгү жылы YouTube`да аталган чыгарма эң көп кароолорго ээ болгон. 2013-жылдын сентябрь айынын башында жүктөлгөн клип жалпысынан 275 миллион ирет каралган. Клипте ырчылар түлкү кейпин кийип, кызыктай кыймылдарды жасашат.

“Ylvis” дуэти кыргыз журтчулугуна чоочун эмес десек болот. Анткени буга чейин бул дуэт кыргыз-орус тилдерин аралаштырып “Жаным” аттуу ырды ырдап чыккан. Кийин аталган ырды өз өлкөсүнүн сахнасында ырдап чыгышканда уят сөздөрдү айтышат. Ал гана эмес, сахнага “Шлюха” деген жазуусу бар СССРден чыккан Жигулини ала чыгышканы бар. 

“Ylvis” дуэтинин "Жаным" ыры тууралуу "Супер-Инфо" гезити да жазып чыккан. Клипке тартылган кыргыз актёрлорунун клип тууралуу ойлорун бул жактан окуңуз...

Ylvis «Жаным»
"Ylvis" тобу (Норвегия) кыргыз кыздарын шылдыңдадыбы?
Ylvis - The Fox
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
KG_URPAGI
2013-12-19 20:54:26
Бул эмне деген жорук? Кыргыздын актерлору жана кыздары силер мындай клиптин жаралышына кантип жол бердинер! Силерде кандай акынар бар КЫРГЫЗды мындай абалда коргозгонго, Боз уйдун кожоюну менен аскери кыргыздын кызын таштап айыл аралап качкандан уялбадынарбы, ээ клиптеги кыргыздын кыздары оз эрлеринден кантип баш тартасынар? эмнеге мен суротту сыйпалашым керек дебейт беленер! Мындай эмес, башкача кылып тарталы деп сунуштабадынарбы? Арам акчанын кулу болупсунар! Уят! Уят! жерге кире жаздадым!
+13
youngyoung
2013-12-20 16:47:14
KG_URPAGI, мен дагы клипти коруп жийиркендим! Тиги кыздар чын эле кыргыз кыздарбы? Биздин улуттук кийимдерибизди кийип алышып, "Hey, kyrgyz ladies" десе "hey, sexy boys" дейт го?! Биздин маданият минстрлиги бир конул болуп койсо болбойбу? А сахнада мамлекетибиздин атын ботон элде атап эмненин устундо турат? Анда эмне деп жазылган?
0
chikakorea
2013-12-19 23:02:21
en tuura aittylgan.kantip kaisy betiner menen tartyldynar. andan dagy birinchi klibinde S.....A dep mashynanyn nomerine jazyp alyshyptyr. Uyat uyat. oshol klipke tartylgan aksakaldarda ynsap jok, kyzdarybyzda yiman. jigitteribizde namys jok. Silerge KYRGYZmyn dep aitkan emi UYAT...
+2
Ernestik
2013-12-19 23:10:35
chikakorea, эн туура тартылган. Коомубуз озу ушундай болуп баратканын моюнга алыш керек. 5 деген баа.
0
AriAdi
2013-12-20 00:17:40
Тушунбодум номерге ш...а деп жазып алганына и дагы Кыргызстан деп кыйкырат го Алия
0
Brat_Kuba
2013-12-20 11:10:45
AriAdi, Шоха деген машинаны уйкаштырып ошентип коюшкан окшойт деп ойлодум
0
alatookg312
2013-12-20 00:38:42
Буларды сотко бериш керек жигулинин нмоерин карасанар кыргызстандын желеги турат анан ш...а деп турат, анан кыргызстан деп кыйкырат бут кыргызстан ш...а деген маанини берип жатат биздин укук коргоочулар уктап калаганбы же акча берсен иштейби
+3
lazygirl
2013-12-20 01:15:22
Неге Эң туура тартылган?! Норвегиялыктардын биздин эл менен иши канча ырчыларынын? Түшүнгөн жокмун .
0
mery.89
2013-12-20 02:08:10
Бул клип менен норвегия эли шылдындаптыр жакшы ою болсо алар жолоочу болуп келип анан бозуйдон кыз кымыз сунуп жигиттери мушташпай сый коргозуп акырында ырчы жигит кызды суйуп жетпесине козу жетип суротун белекке берип иши кылса ушул сыяктуу тартса болмок да озубузду тебелетпей.башка эл корсо жон эле кол салса женилчуу эл экен ынтымаксыз дейт.
+1
admin_superstan
2013-12-20 09:26:11
Баарыңарга эскертүү! Коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөрдү жазуудан алыс болуңуздар!
0
Erhan
2013-12-20 12:16:54
Бул кыздар эмне кылып жатканын да билишпейт популярный болобуз дешкенго!
+1
mamashov-emil
2013-12-20 13:11:11
dagy dele bizdin mamlekettin avtoriteti joktugunanda ar nerse kylyp ar mamleket shyldyndai berishet rossia je kazakstandy je ozbekstandy oshentip korsunchu mamleket bashchylary birinchi bolup kiriship bundai ishke jazasyn beret bizdikiler akchaga satylyshyp juro beret mamleket bashchy koshulup, oshon uchun en birinchi ajoobuz PATRIOT bolush kerek oshondo gana onolobuz
0
Alai_kyzy
2013-12-20 15:52:12
Men bul klipti bawka saittan korgon bolchum. Soz jok. Kyrgyz sozdor kowulgan yryna. Saxnada adamdar kulup olturuwat. Nege kyrgyzdardy owondoi oilowot. Tuwunbodum. Uyat ele.
+1
youngyoung
2013-12-20 16:28:19
Инфочулардан сураныч,"Жаным" клибине "кыйратып" катышкандардан бир маек алып бергилечи, ан-сезими бар эле адамдар бекен королу. Сураныч!
0
admin_superstan
2013-12-20 16:39:11
youngyoung, төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/article/?article=22355
0
youngyoung
2013-12-20 17:07:36
admin_superstan, чон рахмат!
0
belya
2013-12-20 18:20:18
Биздин Маданият тармагын караган аткминерлер, кантип уруксат бердинер? Кыргыз кыздарын, дегеле кыргызды уят кылып жатышпайбы! Келип эркектерин кубалап, жыргасак болот экен деген реклама болуп жатпайбы!
0
nazhiev80
2013-12-20 21:40:56
атын чыкпаса жер ортто болуптур да))
0
nazhiev80
2013-12-21 01:46:23
эч кандай уят деле жок ал ошондой угулат экен а так мындай дешкенго КАНДАЙ КТО!
0
adelya05
2013-12-21 16:13:14
жер жарылып жерге кирип кирип кетиш керек ушинтип башка олколорго шылдын болгуча уят
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан