Балыкчыда өзбекстандык аял алтын деп жезди саткан. Ал Орусиядан кармалды

Балыкчыда алтын зер буюмдар катары жезди сатканга шектелген Өзбекстандын жараны Орусиядан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр октябрда милицияга жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Балыкчы шаарындагы "Кербен" базарында ага кебетеси азиялык болгон аял бир нече алтын зер буюмдарды сунуштаган жана аларды 130 миң сомго баалаган. Жабырлануучу зер буюмдарды алуу үчүн сатуучу аялга 62 миң сом төлөп, калган сумманы алып келүү үчүн үйүнө кеткен. Акчаны алып базарга кайтып келгенде сатуучу аял ордунда жок болуп чыккан. Шектенген арыздануучу алтын зер буюмдарын текшергенде, алар алтын жалатылган жез болуп чыккан.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштери жүргүзүлүп, шектүү Өзбекстандын 45 жаштагы жараны К.С. экени аныкталып, ал өлкө аймагынан чыгып кеткени белгилүү болгон. Буга байланыштуу ага эл аралык издөө жарыяланган.
Шектүү жакында Орусиянын Оренбург облусунда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилген.
Учурда кармалган жаранга Балыкчы шаардык соту тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн камакка алуу чечимин чыгарды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан