Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 15-декабрда милицияга Ш.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси 2023-жылдын 5-ноябрында Т.К. аттуу жаран ишеничине кирип, 20 миң сом карызга берүүнү убадалап, Калык Акиев көчөсүндөгү батирин күрөөгө алганын айткан. Ал батирди сатып алуу-сатуу келишимин түзгөндөн соң ээсине күрөөнү кайтарып берүүдөн баш тарткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1996-жылы туулган Т.К. аттуу жаран кармалып, Ленин райондук сотунун чечими менен 4-апрелге чейин камакка алынган.
Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.