Жалал-Абадда ок атуучу курал жана окторду мыйзамсыз сактагандар аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта облустук милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан Базар-Коргон районунда экстремисттик материалдар боюнча ыкчам маалыматтар алынып, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Экстремистик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында 20-мартта Базар-Коргон районунун 1992-жылы туулган Т.О. аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, 3 даана флешка, 8 даана диск, 1 кол телефон жана сайлуу “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралдын 4 даана огу табылып алынган.
“ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралды Т.О. аттуу жарандын 1963-жылы туулган А.Т. аттуу атасы жайлоодо кой багып жүргөн учурда колдонгон. Ок атуучу куралды ага кой бактырган Ч.К. аттуу жаран берип турган. Жайлоодо колдонулбай калган 4 даана окту А.Т. сактап койгон", - деп айтылат маалыматта.
Көрсөтмөсүнүн негизинде Ч.К. аттуу жарандан эч кандай уруксат документи жок, номерлери өчүрүлгөн 1 даана сайлуу “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралы алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.