Нарында 100 миң сом пара берип жаткан жеринен айыл өкмөт кармалды (видео)

Нарында пара берүүгө аракет кылган Учкун айыл аймагынын башчысы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы "Жашыл Учкун" муниципалдык ишканасында финансылык мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды алган.

Анда "Жашыл Учкун" ишканасынын эки банктык эсебине ("Доскредобанк" ААКта - негизги эсеп жана "РСК банк" ААКта - атайын эсеп) жайыт жерлерди пайдалануудан түшкөн каражаттар чегерилип турган. Былтыр август айында Учкун айыл аймагынын жооптуу адамдары жайыт төлөмдөрүн чогултуу планын аткаруу максатында негизги эсептен 260 миң сом алып, элден чогулган каражат катары атайын эсепке киргизишкен. Алар иш жүзүндө бүтпөй калган жайыт жерлерде ар кандай оңдоо иштерин жүргүзөбүз деген шылтоо менен 260 миң сомду негизги эсептен чыгарып салууга аракет кылышкан.

Мындан улам 18-мартта УКМК кызматкерине текшерүү иштерин токтотуу үчүн аталган айыл өкмөтүнүн башчысы, 1975-жылы туулган Ө.Э. 100 миң сом пара берип жаткан учурда кармалган.

Кармалган жаран 20-марттагы Нарын шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды.

26.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан