Кара-Сууда 17 жаштагы кыз 10 жаштагы бир тууган инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-мартта Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Кыштак айыл аймагында И.А. аттуу өспүрүм каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Окуя болгон жерге тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилик барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 2014-жылы туулган И.А. аттуу жаш өспүрүмдү 2006-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган эжеси учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы маалым болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.
Шектүү А.А. аттуу эжеси кармалып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.