Бүгүн, 26-мартта Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй курама командаларынын футболдук беттешине байланыштуу Бишкекте эки көчө жабылат. Бул тууралуу ЖККББ билдирет.
Бүгүн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Кытайдын Тайбэй командасы менен оюн өткөрөт.
Белгилүү болгондой, оюн кечки саат 20:00дө башталат. Жолдор оюндан соң ачылат.
Буга чейин Кыргызстан кытайлык Тайбэй командасын 2:0 эсебинде утуп алган.