Бишкекте Камчы Көлбаевдин айдоочусу болгон "Данила" кармалды

Бишкекте Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү "Данила" каймана аттуу адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта шаардык милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, "Данила" каймана аты менен белгилүү болгон жаран белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1976 туулган С.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турганы белгилүү болгон.

Мындан тышкары С.Д.нын мурда (Адам уурдоо) (Каракчылык) беренелерине ылайык бир нече жолу соттолгондугу жана бир кезде Камчы Көлбаевдин айдоочусу, жансакчысы, ишенимдүү санаалаштарынын бири болгону аныкталган.

"Ал уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүп жатканына карабастан, кылмыштуу уурулардын идеологиясын колдоону улантып, абактагы адамдарга каржылык колдоо көрсөтүүнү жана азык-түлүктөрдү жигердүү көрсөтүп келген", - деп айтылат маалыматта.

Шектүүнү тинтүү учурунда Макаров үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 1 даана магазин, 8 даана гильза табылган. Алынган курал 9х18 миллиметр калибрлүү патрондор менен атуу үчүн арналган, 9 миллиметр калибрдеги Макаров үлгүсүндөгү тапанча болуп саналат.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

26.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан