Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев Америка Кошмо Штаттарында өткөн ММА турниринде жеңишке жетти. Андагы видео социалдык тармактагы баракчалар аркылуу бөлүшүлдү.
Маалыматтарга караганда, ал 22-мартта Лас-Вегаста шаарында өткөн Tuff-N-Uff 136 турниринде негизги беттешке чыккан. Беттеште Сатыбалдиевдин атаандашы америкалык спортчу Мэтт Жонс болду.
Кыргыз мушкери беттештин биринчи раундунун 16 секундунда атаандашын нокаутка учураткан.