Көчөдө кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөн Саяныч аттуу блогер кечирим сурады. Анын видео кайрылуусу социалдык тармактарга жүктөлдү.
"Кыргыз элинен жана ал кыздан кечирим сурайм. Жаштык кылыптырмын. Башка кайталанбайт", - деген ал.
Эскерте кетсек, буга чейин блогердин видеосу менен социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп, анын бул кадамына нааразы болушкан. Колдонуучулар ага тиелешүү жаза берилип, чара көрүлүшү керектигин билдиришүүдө.