Кызыл-Кыя шаарындагы соодагерлерди алдоо жолу менен ишендирип, алган буюмдарынын акчасын бербей жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалым болгондой, Кызыл-Кыя шаарынын Таштемир-Ажы базарында соода кылган адамдарды ушул жылдын январь-февраль айларында "М" аттуу аял сатуучуларды ишендирип, мүлкүнө ээ болуу максатында материалдык буюмдарды алдоо жолу менен алдап, алган товардын акчасын берем деп, изин жашырып качып кеткен.
Ага ылайык, окуя боюнча 8 жаран арызданып, алардын арыздары шаардык милициянын Кылмыш жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 600 миңге жакын сомду түзгөн.
"Ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Кызыл-Кыя ШИИБынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жогорудагы аталган кылмышка шектүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 34 жаштагы У.М. аттуу тургуну кармалды", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.