Бүгүн, 27-мартка караган түнү квалификациялык турнирдин плей-офф баскычынын финалдык беттешинде Грузия курамасы Грецияны утуп, Европа чемпиондугуна катышуу укугуна ээ болду.
Тбилисиде өткөн беттештин негизги жана кошумча убактысы 0:0 эсеби менен аяктап, Грузия пенальтилер сериясында (4:2) жеңишке жетти.
Эми Грузия тарыхында биринчи жолу "Евро-2024" турнирине катышат.
Европа чемпиондугунда Грузиянын курамасы "F" тайпасында жайгашып, Түркия, Португалия жана Чехия менен ойнойт. Ал эми 2004-жылы Европанын чемпиону болгон Греция үчүнчү ирет катары менен чемпиондукка жолдомо ала алган жок.
Эске салсак, футбол боюнча Европа чемпиондугу быйыл 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт. Беттештер Берлин, Дортмунд, Дюссельдорф, Франкфурт, Гамбург, Кельн, Лейпциг, Мюнхен жана Штутгарт шаарларындагы стадиондордо өтөт.