6 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Түркиядан келери менен кармалды

2018-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-мартта 33 жаштагы Р.уулу Д. Түркиядан өлкөгө кайтып келгенде Бишкектен кармалган. Ошол эле учурда шектүү Ош шаарына алып келинип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ал 6 жыл мурун Ош шаарынын 2 тургунун алдап, 4 миллион 505 миң сом карызга алган. Кийин алган акчаны кайтарбастан Түркия мамлекетине качып кетип, жашырынып жүргөн.
"Шектүү жарандан алданып, жабыркаган жарандар Бишкек шаарында дагы ондоп саналат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан