Алдамчылыкка шектелип кармалган Бекзат Өмүрбеков үй камагына чыгарылды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип кармалган 32 жаштагы Бекзат Өмүрбеков аттуу жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот Биринчи май РИИБинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Бекзат Өмүрбековду 20-мартта үй камагына чыгарган.

Эске салсак, Бекзат Өмүрбековдун 2-мартта кармалганы маалым болгон. Биринчи май РИИБи ал дагы эки адам биргеликте бир жарандан жетекчилик кызматка ишке орноштурууну убадалап 50 миң доллар акча алып, из жашырып кеткенин, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгонун кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан