Жалал-Абадда 52 жаштагы аял күйөөсүн бычактап салды

Жалал-Абад шаарында күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-мартта саат 21:55 чамасында Жалал-Абад ШИИБине телефон чалуу болуп, калаадагы батирлердин биринде 15 мүнөт мурда аял киши өзүнүн күйөөсүн бычак менен сайып, натыйжада ал денесинен алган жараатынан улам, окуя болгон жерден каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып кароо жүргүзүп, тийиштүү эскпертизалар дайындалып, далил буюм катары бычак алынып, печатталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Окуя боюнча териштирүү учурунда күйөөсү менен аялы 2012-жылдан бери чогуу жашашкандыгы, окуя болгон күнү чогуу спирт ичимдигин ичишкендиги аныкталган. Күйөөсү 52 жашта болгон.

Шектүү катары Жалал-Абад шаарынын тургуну 1972-жылы туулган Л.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан