Милиция унаа уурдаган жаранды изи сууй электе кармады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 25-мартта болжол менен саат 15:30 чамасында Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде токтоп турган Honda Odyssey үлгүсүндөгү унааны белгисиз адам уурдап кеткен.
Бул боюнча милиция кызматкерлери "Тосмо" планын уюштурушуп, шектүүнү изи сууй электе кармашкан. Кармалган 1984-жылы туулган А.Ж. аттуу жаран Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.