Баткенде мыйзамсыз иштеп келген медресе аныкталды

Баткенде каттоодон өтпөстөн мыйзамсыз иш алып барган медресе аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта облустук милиция маалымдады.
Маалым болгондой, Баткен шаарында балдарга диний билим берип жаткан медресе, мечиттер текшерилип, ал жерде тарбияланып жаткан балдар менен баарлашуулар өткөрүлгөн.
Жыйынтыгында "Ыйман" илим жана маданий борбору каттоодон өтпөстөн жыл башынан бери иштеп жатканы аныкталган. Аталган медреседе 20дай жаш балдар окуп жаткандыгы белгилүү болгон.
Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан