Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Свердлов РИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-мартта милицияга Ы.В. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 17-мартта Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн подьезддеринин биринде белгисиз жарандар жашыруун түрдө кулпуну сындырып, 25 миң рубль турган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү велосипедди уурдап кетишкенин айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-бересине (Урдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2002-жылы туулган З.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө амалдары уланууда.