Биз социалдык тармакта

УКМК дагы бир чиновникти ири суммадагы акча каражатын кымырып кеткен деген шек менен кармады

Ири суммадагы акча каражатын кымырып кеткен деген шек менен Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Х.Ш. кармалды

УКМКдан билдиргендей, аталган департаменттин кызмат адамдарынын катышуусунда чет өлкөлүк банкка чыгарылган 1 миллион 498 миң 200 долларды кайтарып берүү процедурасы аяктады.

"Бул акча каражаттарын банкрот болгон чет өлкөлүк банкка чыгарууга тиешеси бар деген шек менен Х.Ш. 4-мартта кармалган. Ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыялар толугу менен долбоорго кайтарылды жана Каракол шаарында канализациялык-тазалоочу курулманын курулушуна жумшалат", - деп айтылат маалыматтта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан