Бүгүн, 27-мартта эстрада ырчылары Нурлан Насип менен Асел Кадырбекованын кызы Дария 5 жашка толду. Ырчы айым социалдык тармактагы баракчасына кызынын жеке майрамын бала бакчада белгилеген видео менен бөлүшүп, эне үчүн баласынын туулган күнү эң маанилүү экенин жазды.
"Туулган күнүң менен алтыным. Эне үчүн наристесинин төрөлгөн күнү эң маанилүү. Ошентип, кызым 5 жашка толду!
Акылдуум, боорукер кызым. Өмүрүң узун, ыйманың бекем, акылың тунук болуп, ар бир баскан кадамың ийгиликтүү жана байсалдуу болсун! Сени ар тараптан колдогон, сага тирек болгон ата-энең ар дайым жаныңда", - деген Асел Кадырбекова.
Эске салсак, Дария 2019-жылы дал ушул күнү Бишкек шаарында жарыкка келген.