Ала-Букада чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Жалал-Абад олблоустук милициясынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ала-Бука РИИБине 4 жаран арыз менен кайрылган. Алардын бири 21-январда мал базарда чөнтөгүнөн 45 миң сом акчасын уурдатканын, ал эми берки үч жаран 17-мартта Ала-Бука районунун борбордук базарынан телефон жана акчаларын уурдатканын билдиришкен. Жалпысынан арыз ээлери 75 миң сомго жакын материалдык зыян тартышкан.
Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ишине шектүү катары Өзгөн районунун тургуну 1985-жылы туулган У.У. кармалды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.