20-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -9°C
Талас облусу. Күндүз +4°C, түнкүсүн -15°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -8°C
Баткен облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -8°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +2°C, түнкүсүн -11°C
Нарын облусу. Күндүз -6°C, түнкүсүн -20°C
Бишкек шаары. Күндүз +7°C, түнкүсүн -8°C
Эскертүү! 19-20-декабрда жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош (121-137-км, 198-265-км), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайку (45-90-км, 145-150-км), Каракол-Эңилчек (45-90-км), Ала-Бука–Каныш-Кыя (62-100км) унаа жолдорунда кар көчкүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.