Бишкекте чет өлкөлүк жарандын акчасын тартып алганга шектүү кармалды (видео)

Бишкекте чет өлкөнүн жаранын карактаганга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Свердлов РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 21-октябрда милицияга чет өлкөнүн жараны арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 06:00 чамасында белгисиз адамдар күч колдонуп 45 миң сомун жана 200 юанын тартып алышканын айткан. Андан соң алар белгисиз тарапка качып кетишкен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 1998-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

28.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан