"Алгач апам куттуктады". "Элес" тобуна экинчи өмүр берген Актан Исабаев 52 жашка толду

Бүгүн, 28-мартта өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Актан Исабаев туулган күнүн белгилеп жатат. SUPER.KG порталы ырчыны жеке майрамы менен куттуктап байланышканыбызда, туулган күнү Орозо айына туш келгенине байланыштуу ооз ачкандан кийин жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн билдирди.

"Туулган күнүмдү биринчилерден болуп апам куттуктады. Андан кийин жубайым жана балдарым куттуктады. Маанайым жакшы, шүгүр. Тургандан баштап социалдык баракчам аркылуу жакындарымдан, замандаштарымдан, досторумдан өздүк майрамды утурлай жылуу сөздөр келип жатат. Көңүлүмдү алып, жакшы сөздөрүн арнап жаткандардын баарына ыраазычылык. Туулган күнүм Орозого туш келгендиктен ооз ачуудан кийин чакан чөйрөдө гана белгилейм деп турам", - деди ырчы.

Ырчы Актан Исабаев 1972-жылы 28-мартта Фрунзе шаарында жарыкка келген. Белгилүү “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык оркестрдин негиздөөчүсү Чалагыз Исабаев менен комузчу Самара Токтакунованын уулу. Фрунзедеги Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке кирип, ал жактан Гүлнара Тойгонбаева, Светлана Назаренко, Жылдыз Осмоналиева, Ырыскелди Осмонкулов менен бирге билим алган.

Актан Исабаев “Элес” тобуна экинчи өмүр бергендердин катарында. Аталган топ менен “Асель”, “Ты мне нужна” аттуу хит ырларды жаратышкан. 1999-жылы жеке ырчылыкка өтүп, “Ыр майрам”, “Энекем”, “Сүйөм сени”, “Сагыныч” жана башка ырлары чыккан.

28-марттын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан