Өлкө аймагында сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт катталган.
Жалынды өчүрүүгө 9 күжүрмөн эсеп тартылганы жана куткаруу кызматтары тарабынан чыгуу болбогону кошумчаланды.