"Кирпич менен чаап, суу чачып...". Жалал-Абаддагы жаңжал боюнча милиция маалымат берди 

Коомчулукта резонанс жараткан видео Жалал-Абадда 27-мартта тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта SUPER.KG порталына облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ноокен РИИБине О.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 4-мартта саат 09:30 чамасында Кочкор-Ата шаарында жеке күзөт кызматынын кызматкерин 6 жаран таш, кирпич, таяк менен чаап, сабаганын айтып, аларга чара көрүүнү суранган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Шектүүлөрдүн бири 1984-жылы туулган Ноокен районунун тургуну Н.С. аттуу жаран бир нече жолу тергөөгө чакырылып, бирок келбей жүргөн.

27-мартта саат 17:00 чамасында Н.С. милиция тарабынан кармалган. Кармоо учурунда кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын баш ийбегендиктен күч колдонулган.

Ошол учурда шектүүнүн 2006-жылы туулган баласы атасына болушуп, кызматкерлерди тээп жиберген. Бул окуя боюнча милиция тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Ал эми шектүү Н.С. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жеке күзөт кызматынын кызматкерине 6 жаран кол көтөргөн учур (4-март).
Милиция шектүүлөрдүн бири Н.С.ны кармаган учур (27-март)
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2024-03-28 13:16:00
башында тополоң салгандар туугандар экен
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан